• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Катар коммуникация жана маалыматтык технологиялар багытында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Катардын коммуникация жана маалыматтык технологиялар министри Мохаммед бин Али бин Мохаммед Аль Маннай жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптардын жолугушуусу Алтынбек Максутовдун Кыргызстандын Катардагы мадаият күндөрүнө карата аталган өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында өткөн.

Министр Алтынбек Максутов Катар министрине меймандостук мамиле үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Мохаммед бин Али бин Мохаммед Аль Маннай кыргыз тарап менен өнөктөш катары тыгыз иш жүргүзүүгө ынтызаарлыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар коммуникация жана маалыматтык технологиялар багытында ар тараптуу кызматташууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий