• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент кайрадан абасы кир шаарлардын сап башында

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. 24-январда Өзбекстандын борборунда абанын булгануусу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган ченемден 11 эсеге ашты.

IQAir сайтынын маалыматына караганда, Ташкенттин аба сапатынын индекси 151 AQI түздү. Бул абанын курамындагы PM2.5 зыяндуу бөлүкчөлөрү ДСУ сунуштагандан 11,2 эсе жогору турат дегенди билдирет.

Учурда Ташкент дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын арасында 9-орунда турат.

Бул тизмеде Казакстандын борбору Астана 16-орунда, Ооганстандын борбору Кабул 19-орунда, Кыргызстандын борбору Бишкек 56-орунда жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий