• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70 мыкты студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдоп келерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы адам ресурстарына инвестиция салуу ийгиликтин ачкычы экенин баса белгиледи. Мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде.

Ал мамлекетибиздин негизги ресурсу - интеллектуалдык көрөңгөсү бай, идеялары оргуштаган демилгелүү жаштар – студенттер экендигине өзгөчө токтолду. Өлкөбүздүн келечеги жаңы ачылыштар, табылгалар, жаратмандык иштерде жаштык демин, курч мүнөздү терең билим алуу менен айкалыштыра алган дал ушул жаштардын колунда.

Президент Садыр Жапаров студенттерге ак жол, тынчтык, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.

60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендия төмөндөгүлөргө берилди:

  1. Абдыманап кызы Айпери - Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  2. Аблаева Бегайым Аблаевна - Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  3. Абубакирова Назира Нурсейитовна - Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  4. Авазова Мадина Равшанбековна - Баткен мамлекеттик университети
  5. Айтахунова Сания Айсажановна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  6. Айбашова Акыл Жылдызбековна - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  1. Акматова Бермет Нурланбековна - Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  2. Алтыбаева Жибек Эдилбековна - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  3. Алтынбек уулу Сыймык - Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясы
  4. Аматов Тилек Абдыкапарович - Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  5. Амираева Бибигүл Сыдыковна - Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
  6. Аскаров Уран Алишерович - К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университети
  7. Ахатова Нуркыз Ахатовна - К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университети
  8. Бабаджанов Нурсаид Нурмухамедович - И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  9. Бекмаматова Фатима Жеңишбековна - «Ала-Тоо» Эл аралык университети

  10. Блощинский Кирилл Анатольевич - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  11. Бокешова Аяна Азаматовна - И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  12. Дастанбекова Айдана Дастанбековна - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  13. Джунусова Элиза Ташкенбаевна - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  14. Дмитриева Валерия Валерьевна Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  15. Дудай Анастасия Владимировна - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  16. Жолдошбек кызы Уулкелсин - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  17. Жолдошбекова Гүлбайра Жолдошбековна Сатыбалды - Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  18. Жыргалбек уулу Амантур Ош мамлекеттик университети
  19. Ильичова Алина Ильичовна И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  20. Исаев Данияр Бактиярович - Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университети
  21. Искакова Эльвира Азаматовна - Кыргызстан Эл аралык университети
  22. Исманова Алтынай Абдыкаримовна - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  23. Кадырбеков Элтуран Алтынбекович - Академик Муса Адышева атындагы Ош технологиялык университети
  24. Казнабекова Нургул Имомовна - Баткен мамлекеттик университети
    31. Карагулова Алтынай Чингизовна- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  25. Касымова Айке Азаматовна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы
  26. Кенигсберг Оксана Евгеньевна - Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы
  27. Коротенко Александр Владимирович - Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  28. Кыргызов Октамжан Фархаджанович - И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  29. Ли Авелина Вячеславовна - Кыргызстан Эл Аралык Университети
  30. Мадаминова Нуриза Миролимжоновна - Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  31. Мамазакиров Элдос Кубанычбекович - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  32. Мамбетова Айдай Адисовна - Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  33. Нефедова Алина Анатольевна - Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы
  34. Ниязалиева Айдана Асылбековна - Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  35. Нурдинов Суйунбек Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы
  36. Орунбаева Акбермет Ибираимовна - Ош мамлекеттик университети
  37. Осмонкулова Альбина Осмонкуловна - Башкаруу, финансы жана бизнес укугу Эл аралык академиясы
  38. Пягай Наён Вячеславовна - Борбордук Азиядагы Америка университети
  39. Пазилова Мухсинабону Батыровна - Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университети
  40. Рустамова Альмира Рустамовна - Талас мамлакеттикуиниверситети
  41. Сагындыкова Асел Жумабаевна - Ош мамлекеттик университети
  42. Садвакасов Байтик Эркинович - Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  43. Сариева Бермет Октомбековна - Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  44. Сүйөркулова Жаркынай Сүйөркуловна - Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  45. Сүйүнбай кызы Мендайым - Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университети
  46. Султанов Актан Султанович - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  47. Танкова Анастасия Владимировна - Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  48. Тилебалдыева Акылай Мирлановна - Ош мамлекеттик университети
  49. Тойчубеков Нурхан Тойчубекович - Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  50. Токонбекова Бегимай Каныбековна - К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  51. Токочева Мээрим Кудайбергеновна - Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы
  52. Токсонбаева Канимет Абдисаламовна - Баткен мамлекеттик университети
  53. Толкунбеков Кутман Толкунбекович - Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  54. Турсуналиев Аман Султанович - Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  55. Турсунбаева Маликахон Юнусжоновна - Баткен мамлекеттик университети
  56. Турсунбаева Сауле Алимбековна - Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
  57. Уланова Камила Улановна - Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы
  58. Уралиева Жанара Мирбековна - Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
  59. Шайлообаева Айзада Алтынбековна - Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  60. Шестова Юлия Алексеевна - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  61. Ысмаилова Айзирек Дүйшөбаевна - Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университети
  62. Эрмекова Аида Эрмековна - И. Адыраимов атындагы Кыргыз авиация институту
  63. Эсеналиева Роза Төрөбековна - А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети.

Пикир

Оставить комментарий