• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

№87 мектептеги окуя. Дарыгерлер кызды 50 мүнөт жандандырууга аракет кылышкан

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо борборуна Бишкектеги №87 мектептин 5-классынын окуучусу келгенде дарыгерлер аны 50 мүнөт жандандырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Свердлов районунун акиминин орун басары Асел Садыкова билдирди.

Анын айтымында, кыздын өлүмү 11-мартта саат 9:20да катталган.

“Кыз келип түшкөндөн кийин дарыгерлер 50 мүнөттүн аралыгында аны жандандырууга аракет көрүшкөн. Бирок натыйжа берген эмес. Оорунун даражасы өтө оор болчу”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкектеги №87 мектептин 5-класстын окуучусу сабак учурунда эс-учун жоготуп койгон. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жиберилген. Бирок кыз ооруканага жетпей көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий