• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Будапешт-Бишкек" аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн - Жарандык авиация агенттиги

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. "Будапешт-Бишкек" аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Венгрия тарап 2 өлкө ортосунда аба каттамды ачуу демилгесин колдогон.

"Каттамды ачууга жарым жылга жакын убакыт кетет. Авиакомпанияны белгилеп бериши үчүн алар биздин аэропортту көрүшү керек. Андан соң меморандумга кол коюлгандан кийин каттам ачылат. Биз жумасына 2 жолу каттам жүргүзүлүп турсун деп айтып жатабыз. Бирок башталышында жумасына 1 жолу каттап турса да туура болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий