• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бул жылы эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт - Улуттук статистикалык комитет

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бул жылы элди каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек маалымат жыйынынын жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин эл каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн адиси Айзада Тукашева билдирди.

Анын айтымында, бул жылы эл каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

“Биринчи этап 25-марттан 3-апрелге чейин, ал эми республиканын алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлмөкчү”, - деди адис.

Ал эл каттоо каттоонун бар экендигине жана анын мүнөзүнө, ошондой эле тигил же бул бөлмөдө турак-жайга болгон укугуна карабастан, электрондук форматта сурамжылоо жолу менен өткөрүлөрун билдирди.

Ал белгилегендей, кандайдыр бир документ көрсөтүүнүн кереги жок, бул жылдагы эл каттоонун өзгөчөлүгү анын электрондук форматта жүргүзүлө тургандыгында.

“Биз ЕАЭБ жана КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек миграциясы боюнча суроолор блогун киргиздик. Мындан тышкары, майыптыгы, күн батареялары бар имараттар, биогаз, мобилдик байланыш, интернет жана компьютер боюнча суроолор камтылган.

5 анкета баракчасы даярдады. 1 – эл каттоо баракчасы, 2 – ар бир адам толтурууга тийиш болгон калкты каттоо баракчасы, 3 – турак жай фондусу, 4 – чет өлкөдө жашаган мурдагы үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо бланктары, 5 – Кыргыз Республикасынын аймагында жамааттык турак-жай мекемелери жана башка мекемелерде убактылуу жашаган жарандарды каттоо бланктары”, - деди Айзада Тукашева.

Пикир

Оставить комментарий