• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бул жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 21,8 млрд. сомду түздү - Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттер 21,8 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Ал, бул жыл Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын, мындан улам, бул багытта жергиликтүү бюджеттерди колдоо максатында жумуштар жүрүп жатканын белгиледи.

Маселен, 2018-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 20,1 млрд. сомду түзгөн. Ал эми, 2019-жылы 21,8 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 млрд. сомго көп болууда. Алардын ичинен жергиликтүү бюджеттердин өзүнүн кирешеси 18,7 млрд. сом болсо, республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары 1,1 млрд. сом жана теңдөөчү трансферт катары 2 млрд. сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий