• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылы киреше салыгын толугу менен жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. 2021-жылы киреше салыгын толугу менен жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, 2019-жылы киреше салыгында бир нече өзгөртүүлөр болгон.

“Жергиликтүү бюджеттердин потенциалын жогорулатуу максатында киреше салыкты майдалоодо жергиликтүү бюджеттин үлүшүн көбөйтүү чечими кабыл алынган. 2018-жылы киреше салык бөлүштүрүлүп, 50%ы жергиликтүү бюджетке, ал эми 50%ы республикалык бюджетке түшсө, быйыл жергиликтүү бюджеттердин үлүшү 70%га чейин көтөрүлгөн. Бул жергиликтүү бюджетке 2 млрд. сомдон ашык каражат алууга мүмкүндүк берет”, - деди Азимов.

Ал кошумчалагандай, 2020-жылы бул үлүш 85%га чейин (2,7 млрд.сом), ал эми 2021-жылы киреше салык 100% көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшөт. Бул өз кезегинде 3,2 млрд. сом алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий