• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Булбул үндүү Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатышты

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатышты.

Бүгүн КТРКнын имаратынын алдында Салтанат Саматова менен коштошуу үчүн туугандары, жакындары жана кесиптештери чогулду.

Эске сала кетсек, 46 жаш курагында узакка созулган оорудан белгилүү кыргыз журналисти, радио алып баруучу жана коомдук ишмер Салтанат Саматова дүйнө салды.

Салтанат Саматова (Түгөлбаева) 1972-жылы 1-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

1990-жылы М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинин фортепьяно классын аяктаган.

Андан соң 1991-жылдан 1995-жылга чейин Салтанат Саматова (Түгөлбаева) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетинде окуган.

Салтанат Саматова (Түгөлбаева) эмгек ишмердигин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1995-1996-жылы окутуучу катары баштаган.

Пикир

Оставить комментарий