• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БУУ: Казакстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 15 миң адам обочолонуп жашайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Казакстанда майыптар үйлөрүндө жашаган адамдар БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Каталина Девандас Агиларга зомбулук боюнча арызданышкан. Бул тууралуу ал 12-сентябрда Астанадагы маалымат жыйынында билдирди.

"Майып адамдардын укуктарын коргоо боюнча конвенцияга ылайык, андай адамдар коомдо өз алдынча жашоого укуктуу. Бирок чынында бул чоң көйгөй. Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 15 миң адам коом менен байланышпастан, обочолонгон жайларда жашайт. Мындай жайларда зомбулук көрсөтүү учурлары өтө көп байкалат. Мага ушундай маселелер менен даттанышты", — деди Каталина Девандас Агилар.

Анын пикиринде, майып адамдар үчүн жаңы имараттардын курулушу жана учурда курулуп жатышы туура эмес.

"Өкмөткө андай жайларга жаңы адамдарды кабыл алууга мораторий жарыялап, аларды жабуу жана майыптарды коомдун деңгээлинде колдоо системасын өнүктүрүүнү сунуштайм. Атайын жайларда жашоо — эч качан жеңилдик же социалдык коргоонун артыкчылыгы катары каралбашы керек", — деди Каталина Девандас Агилар.

Пикир

Оставить комментарий