• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУ: климаттын өзгөрүшү катастрофалык деңгээлде болот

Дүйнө 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Адамзаттын аракеттери климатты өзгөртүп гана койбостон, орду толгус зыянга учуратууда, – деп айтылат БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык эксперттер тобунун жаңы баяндамасында.

Баяндамага ылайык, акыркы 40 жылда Жердеги орточо температура буга чейинки 2000 жылга караганда алда канча тезирээк көтөрүлгөн. 2011-2020-жылдары орточо температура көрсөткүчтөрү 1850-1900-жылдардагы көрсөткүчкө караганда 1,1 градуска көбөйгөн. Соңку беш жыл 1850-жылдан берки убакыттагы эң ысык кезең деп таанылды.

Баяндама авторлорунун пикиринде, алдыдагы он жылдыкта дүйнөнүн бардык аймактарында климаттын өзгөргөнү өзгөчө байкалат. Орточо температура көрсөткүчү 1,5° C көтөрүлгөн кезде жылдын жылуу мезгилдери узарып, суугу кыскара берет. Арктика 2050-жылга чейин жылына бери дегенде бир жолу толук ээриши мүмкүн.

Окумуштуулар 1990-жылдан баштап муздардын ээришин адамзаттын таасири катары баалашууда.

2015-жылы БУУнун алкагында Климат жөнүндө Париж келишими кабыл алынган. Максат – зыяндуу газдардын атмосферага тарашын азайтып, глобалдык жылуулукту 1,5 градус өлчөмүндө сактап туруу болгон. Бирок окумуштуулар “бир жарым градус үчүн күрөштө” утулдук деп эсептешет.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бул баяндаманы “адамзат үчүн кызыл код” деп атады.

Пикир

Оставить комментарий