• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУӨП Баткен облусун Өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана облустун мурунку губернаторлорунун катышуусунда Баткен облусун Өнүктүрүү жана Жол картасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун жолугушуусу болуп өттү. Жыйынтыктоочу документ август айында даяр болуп, көрсөтүлөт да, андан соң министрлер кабинетинин жыйналышында каралмакчы. Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 22-июлда парламент Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, турмуш сапатын жакшыртууга, калктын жумуштуулук деңгээлин жогорулатууга, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, тиричилик аракеттин бардык чөйрөсүндө сырткы жана ички коркунучтардан жарандардын, коомчулуктун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамын кабыл алган. Ошондой эле, мыйзамда өзгөчө салык менен инвестициялык режимди орнотуу, ал эми калк үчүн – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу чөйрөсүндө жеңилдиктер каралган.

Ведомстволор аралык жумушчу топ негизги муктаждыктарды жеринде аныктоо үчүн Баткен облусуна болгон сапардын жыйынтыгы боюнча чогулган. Жолугушуу-семинар учурунда экономиканы, адам потенциалын, социалдык-маданий коомчулукту өнүктүрүү, коопсуздукту бекемдөө, тынчтыкты орнотуу боюнча өз сунуштарын киргизген тармактык топтор менен иштер алып барылган. Ошондой эле, мурунку программалар менен пландардын алсыз жана күчтүү жактары талкууланып, облусту өнүктүрүү үчүн жаңы идеялар жана стратегиялык багыттар киргизилген.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары, КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов облусту өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сом бөлүнүп турат деп билдирди. «Долбоорду иштеп чыгуу Кыргызстандагы БУУнун агенттигинин колдоосу астында район жана айыл тургундарынын муктаждыктарын майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп чыккандан кийин башталды. Бул иш-чара Баткен облусун өнүктүрүү боюнча Программаны ийне-жибине чейин карап чыгууга жана алымча-кошумчаларды киргизүүгө багытталган», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий