• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорун ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралды

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. 2023-жылы "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорун ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелге карата бул долбоордун алкагында республиканын 2 миң 933 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,3 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Белгиленгендей, 2013-жылдан бери КР өкмөтү тарабынан ишке ашырылып келе жаткан "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча дыйкандарга 53 млрд сом насыя берилди. Насыялар ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн 123 миң 727 чарбалык субъектиге берилген.

Анын ичинен:

- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 34,08 млрд сом суммасында 98 404 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;

- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 8,14 млрд сом суммасында 22 854 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;

- “Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү” тармагы боюнча 10,85 млрд. сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий