• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкектин четиндеги 12 калктуу конушту газдаштыруу пландалууда

Коом 0

Бишкек 14.08.23. /Кабар/. Быйыл Бишкектин четиндеги 12 калктуу конушту газдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Төкөлдөш, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Ала-Арча калктуу конуштарында, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында газдаштыруу боюнча иштер жигердүү жүрүүдө. Жакын арада Бакай-Ата, Жогорку Көк-Жар, Попеновка жана Товарная калктуу конуштарда дагы иштер башталат

Белгиленгендей, жыл башында борбор калаанын Кырман калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган.

2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт:

Бишкек:

  • «Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
  • «Ак-Тилек» к/к – 6,5 км,
  • «Ак-Тилек-Турбаза» к/к – 4 км
  • «Ак-Тилек-2» к/к – 4,3 км
  • «Ала-Арча» к/к – 12,2 км
  • «Бакай-Ата» к/к – 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
  • «Жогорку Көк-Жар» к/к – 4,1 км
  • «Попеновка» к/к – 2,5 км
  • «Товарная» к/к – 3,8 км

Чүй облусу

  • Селекция а. – 7,7 км
  • Новопавловка а. – 146 км (бул калктуу конуштагы курулуш иштер 2023-жылдын соңуна чейин жүргүзүлөт жана 2024-жылы да улантылат, жаратылыш газын берүү жумуштар аяктаганга жараша этап-этабы менен жүзөгө ашырылат).

Компания республика боюнча 42 калктуу конушту газдаштырды, аларда 45 миң турак үй жайгашкан. 2023-жылдын аягына чейин дагы 10 миң турак жайды камтыган 11 калктуу конушка газ өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий