• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ленин районунун акими 2 бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев 2 бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аким алгач Арча-Бешик конушунда курулуп жаткан 180 орундуу, 2 кабаттуу бала бакчага барды. Бакчада учурда иш 90%га бүткөрүлүп, жерди көрктөндүрүү иштери башталды.

Андан соң, аким №26 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 1442 чарчы метрди түзөт.

Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, изоляциялык бөлмө, тазалоочу шаймандарды сактоочу жай, спорт зал жана музыка бөлмөсү каралган. Учурда 2-кабаттын кирпичтерин төшөө жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Район башчысы Жыргалбек Шакиев аткарылган иштердин сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий