• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түп районунун эки айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0


Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-августта Түп районунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүрүүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал келтирилген чыгымды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында киргизилди.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Түп районунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүрүп, 18 үйдү кыян каптаган, анын ичинен 9 үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого ӨКМжин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам, 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, буга кошумча 2 аценизатордук унаа, КДМБдан 80 аскер кызматкери тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барып, абалды жеринен көрдү.

Пикир

Оставить комментарий