• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнө Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган.

Бир күн мурда социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде Москвада кыргызстандык таксистке адекваттуу эмес кардар кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

Таксисттин айтымында, 2023-жылдын 18-июнунда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси "Сабоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө иштери башталды.

Эске салсак, орусиялык блогерлер биринчилерден болуп таксисттин мыйзамдуу укугун коргоп, бул окуяны социалдык тармактарда да билдиришкен.

Белгилей кетсек, окуяга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий