• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин конуштарына газ киргизилүүдө. Кайсы район алдыда?

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Бишкектин конуштарын газ киргизүү иши кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча 7808 турак жайдын 4394 үй жаратылыш газына кошулган, бул 57% ды түзөт.

Свердлов районунда "Газпром Кыргызстан" ишканасы Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Бакай-Ата конуштарында магистралдык газ түтүктөрүн орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштерин баштаган. Курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин 2025 жеке турак жай курулуштарын жаратылыш газ менен камсыздоо тармагына кошуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Свердлов районунун 14 конушунун 3ү газ менен камсыздоо тармагына кошулган, бул пайыздык катышта 21,42% ды түзөт.

Биринчи май районунда бүгүнкү күндө 14 173 турак жай конушундагы 2 130 үй жаратылыш газына кошулган, бул 15% ды түзөт.

Ал эми Ленин районундагы 12 миң 792 турак жайдын 10 миң 258и көгүлтүр отко кошулду, райондун муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, банктар 150-200 миң сомдон 24 айга чейин төмөн пайызда, күрөө, кепил жана баштапкы төлөмсүз насыя берүүгө даяр, ошондой эле насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндик беришет.

Мындан тышкары, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маркетингдик изилдөөсүнө ылайык, жылытуу мезгилинин 1 айында 100 м2 турак жайга 400 м3 жаратылыш газы сарпталат, мында күйүүчү майдын көрсөтүлгөн 1 м3 түрүнүн азыркы баасы 19 сом болсо, 1 ай газ менен жылытуу үчүн 7 миң 700 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, үйдүн ушундай эле аянты менен 1 ай катуу отун менен жылытууда 6 миң сомдун тегерегинде чыгым кетет, көмүрдү 5 миң сомдон 1 тоннасына сатып алууда. Белгилей кетсек, 3-4 ай жылытуу мезгилинде болжол менен 3-4 тонна көмүр сарпталат.

Пикир

Оставить комментарий