• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Айыпталуучулар 6-сентябрга чейин камак артында калат

Коом 0

Бишкек, 05.07.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун, алар менен бирге 10 айыпталуучунун иштери каралууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор айыпталуучулардын баш коргоо чарасын дагы 2 айга узартууну өтүнгөн. Ал эми жактоочулар ага каршы чыгып, мындай чараларды колдонуу үчүн эч кандай негиз жок экендигин билдиришкен.

Сот кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, айыпталуучулардын баш коргоо чарасы 6-сентябрга чейин узартылгандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Тергөөнүн баамында, Ибраимов "Дастан" ТУК директорунун милдетин аткаруучу болуп турганда мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн. Торпедалардын пайдасыз жана "Солнечный берег" пансионатынын сатылышы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий