• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген балдар Ысык-Көлдөгү эл аралык чогулушка катышышууда

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. 400дөн ашуун бала Эл аралык “Ысык-Көл балдардын көзү менен” аттуу чогулушка катышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул иш-чара төртүнчү жолу өткөрүлүүдө. Чогулуш Сары-Ой айылындагы “Барчын” эл аралык спорттук жана ден соолукту чыңдоочу комплексинде өтүүдө.

Программа боюнча балдар ыр сынактарына, тайпа менен костюмдарды даярдоо, бизнес-оюндар, тарыхты окуу жана көркөм өнөрчүлүгүн өркүндөтүү, “Бирге кадам” аттуу социалдык долбоорлор сынагына жана “Биз дүйнөнү жакшыртуудабыз” аттуу социалдык-педагогикалык долбоорлордун сынагына катышат.

Андан тышкары чогулушта жаңылык катары “Командада иштөө. Лидерлик”, Эмоционалдык интеллекти өнүктүрүү”, "Маалыматтык коопсуздук”, “Чыр-чатак жана аларды чечүү”, “Эффективдүү коммуникация” жана башка темаларда тренингдер өтүүдө.

Ошондой эле балдар белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаев, Мухтархан Исанов, Наталья Овчинникова, Карыпбек Рыскелдиев, Дүйшөнбек Искаков, Айнура Мусина ж.б. сүрөтчүлөрдүн мастер-класстарына катышышууда.

Нью-Йорктон келген Павел Девяткин, Вирджиниядан келген Миллард Ричард жана калифорниялык Йи Даниель балдарга заманбап технологияларды колдонуу менен балдарга англис тилин үйрөтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий