• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда 363 насостук станция жана 26 агрегат жаңыланат

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда ирригациялык системаларды сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлер бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда.

Республика боюнча жалпы 120 насостук станцияга 365 насостук агрегат орнотулган. Быйылкы жылга 363 насостук агрегатты оӊдоо, 26 насостук агрегаттарды жаӊылоо пландалууда.

Эске салсак, 2022-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлүп, 61 насостук агрегат алмаштырылган. Ал эми 2023-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлүп, 26 насостук агрегат алмаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий