• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт

Билим 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, окуу жайга тапшыруу процессин онлайн форматка өткөрүү боюнча министрлик тарабынан платформа иштелип чыккан.

“Абитуриенттер окуу жайга барбастан, ал платформа аркылуу аралыктан каалаган окуу жайына, каалаган адистигине тапшыра алат. Окуу жайга тапшыруу үч турдан турат. Биринчи тур 20-25-июль, экинчи тур 27-29-июль жана үчүнчү тур 3-5-август күндөрү болуп өтөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий