• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кипр кыргызстандык абитуриенттерге 17 стипендиялык орун бөлүп берди

Билим 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кипр Республикасынын университеттери кыргызстандык абитуриенттерге 2024-2025 окуу жылына 17 стипендиялык орун бөлүп берди.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, алардын 11 оруну бакалавр жана алтоосу магистр даражасында билим алууга бөлүнгөн.

1) University of Cyprus – Master in Business Administration даражасы. Стипендия окуунун 70% чыгымын төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Каалоочулар арызын 2024-жылдын 31-мартына чейин тапшырууга болот.

2) Open University of Cyprus – магистратура 1 стипендия, 100% төлөм.

3) Frederick University
бакалавриат, 1 стипендия, 100% төлөм,
бакалавриат, 4 стипендия, 50% төлөп окуу,
магистратура, 1 стипендия, 100% төлөм,
магистратура, 2 стипендия, 50% төлөп окуу.

4) UCLAn Cyprus
бакалавриат, 2 стипендия, 50% төлөп окуу,
бакалавриат, 3 стипендия, 40% төлөп окуу,

5) University of Limassol — магистратура, 1 стипендия, 100% төлөп окуу,

6) American University of Beirut – Mediterraneo – бакалавриат, 1 стипендия, 100% төлөп окуу.

Пикир

Оставить комментарий