• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министри кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт” өткөрүү жайына барды

Аймак 0


Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайына барды.

Ведомствондон билдиришкендей, анда министр көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши, ошондой эле кызматкерлердин аткарып жаткан иштери менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Транспорт министрлиги тарабынан "Торугарт" өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Министр иштерди көзөмөлгө алып, өз убактысында бүтүрүү талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий