• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл өлкө аймагындагы 240 скважина калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Быйыл өлкө аймагындагы 240 скважина калыбына келтирилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, 40ка жакын скважина республикалык бюджеттин эсебинен калыбына келтирилет.

“Баткен районунда эки скважина оңдолуп, Лейлекте жумуш жүрүүдө. Ал эми Панфилов районда 12 скважинаны калыбына келтирүү процессиндебиз”, - дейт ал.

Сокеев кошумчалагандай, 2022-жылы өлкө аймагындагы 240 скважина жергиликтүү бюджеттин эсебинен калыбына келтирилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда суугатка жалпы 1 миң 486 скважина бар.

Пикир

Оставить комментарий