• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Нарында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Нарын облусунун аймагында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары пайда болот. Бул тууралуу облустук коллегияда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Солтон-Сары алтын кенинин ишке кириши менен 314 адам жумуш менен камсыз болду. Анын 216сы жергиликтүү тургундар.

Мындан сырткары “Куланак” ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Кочкор районундагы “Ренессанс” бут кийим фабрикасы, Жумгал районундагы “Жумгалсуу курулуш” ишканасы, Нарын кирпич заводу ишке кирди.

Аталган ишканалардын ачылышына байланыштуу жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий