• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу селдин кесепеттеринен тазаланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу селдин кесепеттеринен тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 28-май күнү саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын (Кызыл-Токой айылы) суу каптап, кум шагылга толтурган.

Кечээ жерине 1 грейдер жана жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да убактылуу токтотулган.

Тазалоо иш-чаралары бүгүн, 30-май күнү улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий