• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда студенттер аз камсыз болгон, жалгыз бой энелерге азык-түлүк баштыгын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык иш адистигинин студенттери Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, жалгыз бой энелерге азык-түлүк баштыгын тапшырышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык мэриясы карыяларга камкордук көрүү максатында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий