• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМде Штаб бөлүктөрүнүн күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. ИИМдин башкы штабында кесиптик майрамга карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

ИИМден билдиришкендей, штаб бөлүктөрү өз тарыхын 1971-жылдын 30-сентябрында Уюштуруу-инспектордук башкармалыгы (УИБ) СССРдин Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөндө башталган.

ИИМдин “Штаб бөлүктөрүнүн түзүлгөн күнүн бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, 30-сентябрь Ички иштер министрлигинин штаб түзүмдүк бөлүктөрүнүн күнү деп бекитилген. 1972-жылы “СССРдин Ички иштер министрлигинин Штабы жөнүндө” жобосу бекитилип, анда ички иштер органдар тутумундагы штабдын ролу жана орду аныкталган. 1992-жылы ИИМдин штабы, башкы инспекциясы деп кайрадан түзүлгөн. Учурда ИИМдин башкы штабын Бактыбек Кенжегулов жетектейт.

Салтанаттуу иш-чарада ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков катышып, штаб түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүүлүгү үчүн мыкты кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий