• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунун аймагында сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 13.06.23. /Нурзат Жумалиева – Кабар/. Баткен облусунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Буга байланыштуу облус аймагындагы айрым жолдордун бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылган. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Охна бөлүгү, ошондой эле Жийделик – Ак-Кыя жана Бел-Божой унаа жолдору тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды.

Учурда Коргон – Чаувай унаа жолу убактылуу жабык. Тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле Айгүл-Таш – Согмент – Таян унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылык жаралууда.

Тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий