• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол мэриясына 4,4 млн сомго суу ташуучу атайын техника сатып алынды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү.

“Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда көйгөйлөр жаралып келген. Жаңы техниканын алынышы менен бул маселе чечилип, кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий