• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында Апрель элдик революциясынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы Тянь-Шань паркындагы Апрель революциясында курман болгон жарандардын жаркын элесине арналып тургузулган эстеликтин жанында 2010-жылдын 7-апрелинде болгон элдик ынкылапты эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү митингине президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, шаар мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган мекеме-ишкана жетекчилери революциянын катышуучулары жана окуяда курман болгон жарандардын жакындары катышышты.

Алгач Апрель элдик революциясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, аза күтүү мүнөтү жарыяланып, куран окутулду.

"Апрель революциясында биздин бир катар мекендештерибиз адилетсиздикке каршы күрөшүп, мамлекетибиздин келечеги, жаштарыбыздын жакшы жашоосу үчүн деп алдыга кадам таштаган. Ынкылапта тилекке каршы бир катары каза таап, дагы бир нечеси оор жаракат тарды алышканы көңүлүбүздү оорутуп, жүрөгүбүздү сыздатпай койбойт. Мындан ары биз барыбыз биригип, курман болгон эр азаматтарыбыздын үмүт-тилектерин актап жаркын келечек курууга мээнетибизди жумшап күч жамшашыбыз керек, каза болгон эр- азаматтарыбыздын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", - деди мэр.

Митингде революциясынын баатырлары 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуяны эскеришти.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда Нарын шаарынан Бишкек шаарына барып катышкан бир адам курман болгон, кийин алган жаракатынан улам 5 адам көз жумса, жалпы 50гө чукул жаран ар кандай жаракттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий