• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда быйыл 11-классты 5 миң 11 окуучу аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда быйыл 11-классты 5 миң 11 окуучу аяктайт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 245 мектеп бар.

"Быйыл 11-классты 5 миң 11 окуучу аяктап жатат. Алардын 112си окуусун артыкчылык менен бүтүүдө. Ал эми 9-классты 8 миң 428 окуучу бүтүрөт. Алардын 196сы артыкчылык күбөлүгүнө талапкер", - дейт ал.

Саттарова кошумчалагандай, былтыр Баткен облусунда 8 окуучу алтын сертификат алса, 23 окуучу "Алтын тамга" аттестатын алган.

Пикир

Оставить комментарий