• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта милиция коомдук тартипти сактоо боюнча иштерди күчөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21. Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларды күчөтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас РИИБнин начальниги Артур Иманбеков Талас районунун Нуржанов жана Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аксакалдар сотунун кеңеши, активдер жана жергиликтүү калк менен таанышып, жолугушууларды өткөрүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте аймактардагы абал менен жеринен таанышып, андагы көйгөйлүү маселелер боюнча кеңири маалымат алды. Ар бир аймактын тургундары өздөрүнүн милицияга болгон ишенимин, алардан керектүү мүдөөлөрүн айтып социалдык жана турмуш-тиричиликтеги болуп жаткан окуялар тууралуу суроолоруна жооп алышты.

Иманбеков Талас районунун милициясынын алдына коюлган тиешелүү тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча айтып өттү. Аксакалдар сотунун курамы, жергиликтүү кеңештин депутаттары милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын айтып, жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий