• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксы районундагы селден жабыркагандарга кенемте төлөнөт – министрлер кабинети

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы селден жабыркагандарга кенемте төлөө үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлүнөт. Бул тууралуу брифингде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тоолуу райондорунда 13-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. «Негизинен Аксы району жабыркаган, анда табигый кырсык 8 адамды агызып кетип, анын алтоосунун сөөгү табылып, калган 2 баланы издөө иштери уланууда. Аталган окуя болгондон бери бул маселе президенттин көзөмөлүнө алынып, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тез арада чараларды көрүүнү тапшырды”,-деди ал.

Ал министрлер кабинетинин резервдик фондунан каражат бөлүү жөнүндө чечим чыкканын белгиледи. “Жергиликтүү бийликке келтирилген зыяндын көлөмүн жана жабыркагандардын тизмесин тактоо тапшырылды. Тактоо иштери бүткөндөн кийин дароо каражат бөлүнөт”,-деди ал.

Жунушалев жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.

Пикир

Оставить комментарий