• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында «Сармерден» оюну өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Адам сатууга каршы күрөшүүнүн 100 күндүк акциясынын алкагында М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө Сармерден оюну уюштурулуп, акциянын темасына ылайык саламдашуу, макал-лакап атышуу, акыйнек, обондуу ырлар, жаңылмач айтышууну программасына камтыды. Калыстар тобу кыз-жигиттердин сөзүнүн мазмундуулугу, тапкычтыгы, обондуу ырлардын туура жана бурмаланбай так аткарылышы, ошондой эле сырткы көрүнүшү боюнча баасын берип жигиттер командасы 67 упай менен утушка ээ болду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулган Сармерден оюну Нарын райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалып, алыскы жана жакынкы айылдардагы маданият кызматкерлери көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулады. Соңунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкери Кылыч Мамбеталиев өнөр адамдарынын акцияга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырды.

Аталган акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанга Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы менен биргеликте 100 күндүн аралыгында республиканын 7 облусунда өткөрүү пландалган.

Акциянын максаты - адамдарды мыйзамсыз алып кетүү, сатуу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө багытында калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий