• 88.68
  • 95
  • 0.95

Флешмоб, ыр, бий. Ошто СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23./Кабар/. Ошто СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү.

Иш-чара Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өтүп, анда 1-ноябрдан 1-декабрга чейин жарыяланган бир айлыктын алкагында аткарылган жумуштар жыйынтыкталды.

Ага Ош шаардык жаштар иштери комитетинин, “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын, медицина тармагынын, "Улуттук Кызыл Ай Коому” коомдук бирикмесинин филиалынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бир айлыктын алкагында “СПИДге каршы биргеликте” деген девиз астында бир айлыктын иш планы бекитилип, аткарылган иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди.

Акция иш-чарасы флешмоб, ыр, бий, авариялык кырдаал учурунда АИВ/СПИДти алдын алуу боюнча театрлаштырылган номерлер, концерттик программа, экспресс-викторина (суроо-жооптор) менен коштолду.

Ошондой эле АИВ/СПИДти алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге активдүү катышып, көмөк көрсөткөндөр сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий