• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Университетке тапшырууда кыргыз тилин билгендерге артыкчылык берилет

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууда болгон өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖТР) бирден балл алган абитуриенттердин ичинен кыргыз тилин жакшы билгендер артыкчылыктуу болот.

Министрликтен маалымдашкандай, 2019-жылы кыргыз тили боюнча тесттен абитуриенттер өз ыктыяры менен өтүүгө болот.

Кыргыз тилдүү мектептердин окуучуларынын мамлекеттик тилди билгендиги В1 деңгээлинде, ал эми башка тилдүү (орус, өзбек, тажик) мектептердин окуучулары А2 деңгээлин көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий