• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент аймактарда банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында банкоматтар менен ПОС-терминалдардын саны көбөйтүлөт. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда айтты.

Ошондой эле 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Президент андан тышкары банк тейлөөсү жана инфраструктурасы менен камтуу аймагын кеңейтүү үчүн региондорду өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанисин белгиледи.

"Мобилдүү эсептер жана төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн санарип куралдарды иштеп чыгып, киргизүү маанилүү", — деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий