• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Centralasian: Эмомали Рахмондун китептери - китеп дүкөндөрүнүн бестселлери

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Centralasian: Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун калемине таандык, ошондой эле, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу китептер Дүйшөмбүдө эң өтүмдүү болуп саналат.

Китеп сатуучулар акыркы жылы окуу китептеринен тышкары мамлекет башчынын чыгармаларын жакшы сатыла тургандыгын ырасташат.

Борбор калаадагы “Ошёни Дониш” китеп дүкөнүнүн директору күн сайын ал 10 тарыхый китеп сатарын, анын ичинде көпчүлүгү республиканын президентине таандык экендигин айтат.

Эмомали Рахмон Тажикстанды башкарган 25 жылда тажиктердин тарыхы жана тажик тили жөнүндө 20дан ашык китеп чыгарган. Анын чыгармалары көп нускада басылат. Мындай китептеринин ичинен эң кымбаты – “Тажиктер тарых күзгүсүндө” аттуу эмгеги байыркы доордон XIX кылымдын аягына чейинки тажиктердин тарыхын камтыйт.

Эксперттер чиновниктер иш бөлмөлөрүнө президенттин китептерин коюшарын жана өз сөздөрүндө Эмомали Рахмонго берилгендик белгиси катары мамлекет башчынын цитаталарын келтиришерин белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий