• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда адам сатууга каршы 100 күндүк башталды

Коом 0

Бишкек, 03.11.17. /Кабар/. Чүй облусунда адам сатууга каршы 100 күндүк маалыматтык кампания башталды. Иш-чара адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы Глобалдык программанын алкагында өтүүдө.

Бул иш-чаранын максаты – Чүй облусунда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Бул глобалдык программа Африка, Чыгыш Азия, Батыш Европанын 13 өлкөсүндө, ал эми Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда сынамык катары жактырылган.

Маалыматтык кампаниянын ачылыш аземи КР өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн чоң залында Чүй облустук өкүлдүн орун басары А.Солтонбекованын төрагалыгы алдында өттү.

Иш-чарага Чүй облустук жетекчилик, жаштар жана жарандык коом катышты.

Анын жүрүшүндө театр-форум уюштурулуп, көрүүчүлөр кулчулукка сатылган адамдардын ролун ойноп беришти. Андан соң алар кулчулукка туш болуу жана анын алдын алуу маселелерин талкуулашты.

Маалыматтык кампания 2017-жылдын 30-июнунда өлкөнүн бардык облустарында башталган. Чүй облусу эстафетаны Ысык-Көл облусунан алган. Облуста жүз күндүктүн алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий