• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда жаш аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда 31 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

"Милиция кызматына 58 жаштагы Х.М. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 5-февраль күнү райондук ооруканадан чала аял тааныш анын ишеничине кирип, телефонун сүйлөшүп алуу үчүн сурап алып, жашырынып кеткен. Ал билдиргендей, телефонун алып кеткен аял боюнда бар экенин айтып, эки ирет телефону менен сүйлөшүп, кайра кайтарган. Үчүнчү жолу телефонун сурап алгандан кийин жашырынып кеткен", - деп билдиришти облустук милициядан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Бул ишке шектүү катары 31 жаштагы Ж.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал аялдын боюнда болгон эмес", - деп билдиришти милициядан.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий