• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү 100% жасалма көбөйтүлгөн факты аныкталды — прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Салык кызматынын жана Борбордук казыналыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн 100% жасалма көбөйтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан КР Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында жана Салык кызматында бюджеттик мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү уюштурулду.

Аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары алдын ала макулдашууларга барып, КР өкмөтүнө өздөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун, тиешелүү деңгээлде аткаргандыгын көрсөтүү максатында, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жасалма жол менен 100% жогорулатышкан.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2019-жылдын 31-декабрында укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсеп счетундагы салыктык чегерүүлөр болуп саналбаган 491млн 877 миң 823 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө Салык кызматынын эсебине которулгандыгы аныкталган.

Натыйжада, Жогорку Кеңешке КР өкмөтү тарабынан бюджеттин киреше бөлүгү 100% аткарылгандыгы тууралуу Салык кызматынын жалган отчету берилген.

Башкы прокуратура тарабынан аталган факты боюнча чогултулган материалдар КР Жазык кодексинин 320-беренесинде (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренесинде (кызматтык жасалмачылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий