• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдөгү мөңгүдөн таштар кулап, 7 туристтин бири каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Чүйдөгү Ала-Арча өрөөнүндө таштар кулап, казакстандык жана россиялык туристтер жабыркады. Бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына колдонуучу Рысбек Букарадинов жазды.

“Аксай-Тревел” туристтик фирмасынын берген маалыматына ылайык, 2018-жылдын 30-июль күнү саат 13:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бийиктиги деңиз деңгээлинен 4100 метр жогору болгон №9 Скрябин мөңгүсүнө 7 турист чыгып бара жаткан учурда таштар кулаган. Кырсыктын кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 1 адам каза болуп (Казакстан Республикасынын жараны), калгандары жабыркаган. Туристтер Казакстан Республикасынын (3 адам) жана Россия Федерациясынын (4 адам) жарандары болгон.

Ал эми КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кырсык боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн КР ӨКМнын жетекчилиги тарабынан Казакстан Республикасынын ИИМ жетекчилигине кат жолдонуп, КР ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору (ККББ) менен Казакстан Республикасынын ИИМдин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин ККББнын ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр жана маселелерди тактоолор жүргүзүлдү”.

Пикир

Оставить комментарий