• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үч театрга көркөм жетекчи талап кылынат

Маданият 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчилигине сынак жарыялайт.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлер жогорку билимдүү, 5 жылдан кем эмес аталган тармакта иштөөсү зарыл.

Мындан тышкары талапкерлер заманбап, классикалык, ата мекендик, чет элдик драматургияны жана музыкалык адабиятты, заманбап жана классикалык театрлардын репертуарларын жана концерттик программаларды, тарыхты, дүйнөлүк жана атамекендик искусстводогу маселелерди билүүгө милдеттүү.

Документтерди кабыл алуу аталган министрликте 4-августка чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий