• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КР Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 24.04.23 /Кабар/. Кечээ, 23- апрелде А.Малдыбаев атындагы опера балет театрында КР Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата концерт өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концертти Балыкчы шаарындагы Б.Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары тартуулашты.

Иш-чарага аталган музыкалык мектептин жетекчилиги жана мугалимдери, окуучулардын ата-энелери, ошондой эле Болот Миңжылкиевдин жакындары, шаар тургундары катышты.

Даңазалалуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө арналган концерт абдан шаңдуу маанайда өтүп, келечекте кыргыз музыка өнөрүнүн ээси болчу жаш таланттар өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көргөзүштү.

Белгилей кетсек, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев 1940-жылы 24-апрелде туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын студиясында окуп, КРнын эл артисти С. Юсуповдон, С.Х. Чеховдон сабак алган. 1962-жылы КРнын маданият министрлигинин жолдомосу менен Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик консерваториясынын вокалдык бөлүмүнө кабыл алынган. Студент кезинен эле бир катар эл аралык кароо-сынактарга катышып, жеңүүчү болгон. Чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. 25 жашында Фрунзедеги опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин Эл артисти жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгонго жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку советинин депутаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий