• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күрүч маскасы он жылга жашартат

Дүр дүйнө 0


Көптөгөн кылымдардан бери япон айымдары күрүчтү тамак-аш катары гана эмес, келбетине кам көрүп жашаруу максатында дагы колдонуп келишет. Эзелтен келген япон айымдарынын сулуулугунун сыры мына ушунда.

Күрүч беттеги бырышты кетирип, күндүн ачуу тийген нурларынан сактайт. Ошондой эле күрүчтүн курамында Е витамини бар болгондуктан, кандын курамындагы холестеринди азайтып, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Беттеги бырыштан, тактан арылуу үчүн күрүчтөн жасалуучу маска жардамга келет.

- 3 аш кашык күрүч

- 1 аш кашык сүт

- 1 аш кашык бал керектелет.

Даярдоо ыкмасы:

Алгач күрүчтү сууга бышырып алып, бышкан күрүчтүн суусун сактап коюу зарыл. Бышырылган күрүчкө аш кашык сүт, бал кошуп аралаштырып даяр болгон масканы таза, кургак бетке сүртүп он беш мүнөт коюу керек. Андан соң сактап койгон күрүчтүн суусу менен бетти жуу абзел. Бул беттеги тактарды кетирүүгө жардам берет. Мындай ыкманы апта сайын бир жолудан колдонсоңуз он жылга жашарууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Пикир

Оставить комментарий