• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Турсунбеков: «Социалдык мекемелердин курулушун учурунда бүткөрүү керек"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган эл өкүлдөрү Ош шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач И.Раззаков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушунан кабар алган Төрага: "Белгилүү болгондой бул 720 орундуу мектептин курулушу Өлкө башчысынын өз көзөмөлүнө алынган. Андыктан, курулушту тез арада бүткөрүү менен балдардын татыктуу билим алышына зарыл болгон бардык шарттары түзүү башкы максат болушу керек. Анткени, Кыргызстандын келечеги болгон балдардын мыкты инсан болуп чоңоюшунун пайдубалы, заманбап шартта курулган мектептерде түптөлөт", - деди.

Андан соң эл өкүлдөрү Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи районунда курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулушу менен да таанышышты. Төрага Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан жаңыланууларга токтолуп: "Президентибиздин көзөмөлү менен курулуп жаткан бул оорукана да тармактагы жетишкендиктердин бир мисалы болушу үчүн тез арада бүткөрүү шарт. Себеби, коомдун саламаттыгын караган аймактык мекемелерди жаңыртуу менен өлкөдөгү саламаттыкты коргой алабыз" - деп кошумчалады.

Эске салсак, төрт корпустан турган И.Раззаков атындагы орто мектептин пайдубалы 2013-жылы бүткөрүлүп, 2016-жылдан баштап курулушу улантылган. Курулуштун көлөмү 244 млн сомго бааланып, быйыл бүткөрүлөрү мерчемделген. Ал эми "Ак-Тилек" кичи районундагы оорукана Кытай Эл Республикасынын каржылоосу менен 2016-жылы курулушу башталган. Кийинки жылдын үчүнчү кварталында бүткөрүлөрү мерчемделген оорукана үч корпустан туруп, бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий