• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Аксыдагы селде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесептинен каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Анда мындай деп айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Аксы жергесинде адам өлүмүн алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Жай тургундардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу жалпы кыргыз эли үчүн оор жоготуу.

Ага ылайык, селден улам каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм”.

Пикир

Оставить комментарий