• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткал районунда 100 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди, - деп билдирет өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы 100 орундуу бала бакчанын имаратын курууга 31 млн сом акча каражаты сарпталган. Анын 19 млн 242 миң сому райондун өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

"Заманбап имаратты пайдаланууга берүү менен аймактагы тургундардын бала бакчага болгон муктаждыгы жеңилдеди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий